Бүгүн, 19-октябрда Грециянын Лутарки шаарында күрөш боюнча ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиондугу старт алды.
Анда 70 килограмм салмакта катышкан Талант Бегалиев финалда америкалык Майкл Ли Медри аттуу балбанды 11:0 эсебинде жеңип алды. Муну менен кыргыз балбаны ардагерлр арасында Дүйнө чемпиону болду.
Белгилей кетсек, Талант Бегалиев жарым финалда литвалык балбан менен кез келип, финалдык жолдомону камсыздаган.