Ош шаарында 7-10-ноябрга чейин СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун элесине арналган, жыл сайын өткөрүлүүчү спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш болуп жыйынтыкталды.
Мелдешке жалпысынан өлкө аймагынан 13 команда катышып, 4 топко бөлүнүп оюн көрсөтүштү. Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Дүйшөн Төрөкуловдун айтымында, финалга “Жаңы Муун”, “Ош Бажы” (Ош), “ВВ МВД+К” жана “Динамо МВД” командалары чыгышкан. Жыйынтыгында, Ысык-Көл облусунан келген “Жаңы Муун” командасы жеңишке ээ болду. Экинчи орунга Ош шаарынын “Ош Бажы” командасы, үчүнчү орунду Бишкек шаарынын “ВВ МВД+К” командалары татыктуу болушту. Жеңүүчүлөр медаль, Ардак грамоталар жана баалуу белектер менен сыйланышты.