Ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда Сааданбек Ниязов коло медаль тагынды

Ардагерлер арасында өткөн дүйнө чемпиондугунда Сааданбек Ниязов коло медаль тагынды. Бул тууралуу Күрөш федерациясынан билдиришет.

Акыркы беттеште Ниязов 130 килограмм салмакта орусиялык Игорь Полетаев менен кармашып, жыйынтыгында 10:4 эсебинде жеңип, коло медалга ээ болду.

Буга чейин ушул эле чемпиондукта ардагер балбан Талант Бегалиев 56-60 жаштагылар арасында 70 килограмм салмакта күч сынашып, финалда америкалык атаандашын 11:0 эсебинде утуп, Дүйнө чемпиону болду.

Белгилей кетсек, аталган мелдеш 19-октябрдан 24-октябрга чейин Грециянын Лутраки шаарында өтөт.




Дүйнө чемпиондугунда ардагер балбан Сааданбек Ниязов коло медаль алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан