Футбол боюнча Кыргызстан улуттук курама командасы бүгүн Кувейттин баш калаасы Эль Кувейт шаарында Кувейт курама командасы менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясы билдирди. Эске салсак, Кыргызстан курама командасы 15-октябрда Бишкекте Кувейттин жаштар курама командасы менен беттешип, 3:0 эсебинде жеңип алган. Бул оюндар КРнын футбол боюнча Улуттук курама командасынын 2014-жылкы АФКнын Чакырык кубогуна даярдыгынын алкагында уюшулууда.
Беттешке Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Сергей Дворянков 16 футболчуну чакырды. Дарбазачылар: Павел Матяш, Максим Зинченко (экөө тең “Дордойдун” оюнчулары) жана Руслан Амиров (“Абдыш-Ата”) чакырылды. Коргоочулар: Тахир Авчиев (“Абдыш-Ата”), Даврон Аскаров, Фарух Абитов, Арий Элайжа (баары “Дордой”), Артур Муладжанов (“Алга”). Жарым коргоочулар: Азиз Сыдыков, Жыргалбек уулу Кайрат (экөө тең “Абдыш-Ата”), Вадим Харченко, Макка Кум (экөө тең “Дордой”), Ахлетдин Исраилов (“Динамо Киев”, Украина). Чабуулчулар: Хуршит Лутфуллаев, Ильдар Амиров (экөө тең “Абдыш-Ата”), Иван Филатов (“Алга”).