Грециянын Лутраки шаарында өтүп жаткан ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда кыргыз балбаны Чынарбек Изабеков финалга чыкты. Бул тууралуу күрөш федерациясынан билдиришет.
Аталган мелдеште ардагер балбан Чынарбек Изабеков 100 килограмм салмак категориясында АКШлык балбан менен кез келип 8:0 эсебинде жеңишке жетип, финалга чыкты. Бүгүн, 20-октябрда Бишкек убактысы боюнча саат 21:00дө балбан алтын медаль үчүн беттешет.
Айта кетсек, Чынарбек Изабеков күрөштүн биринчи айлампасында атаандашын 8:4 эсебинде утуп алган.