Бүгүн, 20-октябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында актёр, теле алып баруучу Нурдөөлөт Копоевдин чыгармачылыгынын 20 жылдыгына арналган "Өнөрүм - менин өмүрүм" аттуу шоу-концерти өтүүдө.
Чыгармачылык кече бийчилердин бийи менен ачылып, Нурдөөлөт Копоевдин "Мен жөнүндө" аттуу чыгармасы менен башталды. Андан соң атасына арналган ырын аткарды.
Концертти актёрдун чыгармачылыктагы достору, санаалаштары жана "Учур" театрынын жамааты коштойт.