16-ноябрда Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театрында бодибилдинг, фитнес жана бодифитнес боюнча Кыргызстандын Кубогу өтөт. Бул тууралуу уюштуруучу топтун мүчөлөрү кабарлады.
Мелдеште эркектер арасында (90 килограмм жана андан оор салмак категорияларында), кыз-келиндер арасында жана жаштар арасында (75 килограммга чейин жана андан оор салмак категорияларында) чемпиондор аныкталат.
Ошондой эле “Мисс бикини” жана “Мистер торс" категориялары боюнча жеңүүчүлөр белгилүү болот. Айыгышкан таймаш адаттагыдай 90 килограмм салмактан жогорку спортчулар арасында өтөрү күтүлүүдө. Анткени бул салмакта Алексей Горнастаев 19 жылдан бери чемпион аталып келсе, көптөн бери бодибилдинг менен машыгып, чемпиондукка жетпей келген спортчулар бар.