10 -ноябрь күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында КРнын күч структураларынын (КРнын Коргоо министрлиги, Мамлекеттик чек ара кызматы жана ички иштер кызматы, Ички иштер министрлиги) таланттуу аскер кызматкерлери арасында өткөн “Жоокер ыры” конкурсу аяктады. Эске салсак, аталган конкурс жыл сайын өткөрүлөт.
Конкурс 3 багыт боюнча өттү. Катышуучулар автордук чыгармаларын, улуттук лирикалык чыгармаларды жана аскердик-патриоттук чыгармаларын калыстардын сынына коюшту. Калыстар тобунун катарында Улукмырза Полотов, Анатай Өмүрканов, Эгемберди Эрматов, Тыныбек Кадыров сыяктуу чыгармачыл инсандар отурушту. “Кыргыз эли таланттарга бай. Аскер формасындагы таланттардын автордук чыгармалары өтө жагымдуу болду. Катышуучулар калыстардын талаптарына жооп бергендиктен алардын талантына баа берүү кыйын болду. Сиздер эс алууга чыкканда биздин консерваториянын эшиги сиздер үчүн ачык”,- деди калыстар тобунун мүчөсү, Улуттук консерваториянын профессору Улукмырза Полотов.
Ыр таймашта баш байгени Улуттук гвардиянын прапорщиги Майрамбек Жумакулов утуп алды. 1-орунду КРнын ИИМинин мамлекеттик атайын адистештирилген күзөт кызматынын Ысык-Көл району боюнча бөлүмүнүн кызматкери, ага старшина Жумаалы уулу Кайрат, 2-орунду милициянын ага сержанты Туратбек Байтиков ээледи (экөө тең ИИМдин кызматкерлери). 3-орундун ээси Мамлекеттик чек ара кызматынын прапорщиги Бактыбек Сегизбаев болду. Бардык жеңүүчүлөргө плазмалык сыналгылар тапшырылды.