Кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина WTAнын (Айымдардын теннис ассоциациясы) 11-ноябрга карата чыгарылган рейтингинде 17 орун жоготту. Бул рейтингде спортчу дүйнөдөгү күчтүү теннисчилердин катарында 108 упай менен 373-орунда турат. Эске салсак, мындан туура бир апта мурун ал рейтингде 356-орунду ээлеп турган.
Кошумчалай кетсек, WTAнын рейтингин учурда америкалык теннисчи Серена Уильямс жетектейт. Алдынкы бештикте болсо беларусиялык Виктория Азаренко, кытайлык На Ли, орусиялык Мария Шарапова жана польшалык Агнешка Радванска бар.