12-16-ноябрь аралыгында Бишкектеги Кааба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда бокс боюнча өлкө чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу КРнын Бокс федерациясынын президенти, КРнын башкы прокурорунун мурунку орун басары Абдыбакыт Халмурзаев билдирди.
“Мелдештин ачылышы 13-ноябрда болот. Бардык аймактардын курама командалары келет. Былтыркы жылдары бокс боюнча өлкө чемпиондугу кыздар арасында өзүнчө, уландар арасында өзүнчө өткөрүлчү. Быйыл уландар менен катар эле 3 салмак категориясында кыздар арасында да чемпион аныкталат. Бул мелдеш 2014-жылы өтүүчү Азия чемпиондугуна даярдык катары уюшулууда. Өлкө чемпиондугунун жыйынтыгында күчтүү мушкерлер тандалып, бокс боюнча улуттук курама команда түзүлөт”,- дейт Абдыбакыт Алыбаевич.