Бүгүн, 22-октябрда Чүй облусунун Сокулук районундагы "Белек" ат майданында көк бөрү боюнча өлкө чемпиондугунун жарым финалдык оюндары өтүүдө. Оюнда 4 команда финалга чыгуу үчүн күч сынашат. Жарым финалда Чүй облусу - Ысык-Көл облусунун улакчылары беттешип, жыйынтыгында Чүй облусу 6:1 эсебинде жеңишке жетип, финалга чыкты. Учурда жарым финалда Ош-Талас беттешүүдө.