2021-жылдын август айынан 31-октябрына чейин "Газпром Кыргызстан" компаниясы "Туумсуз карызды төлө!" уникалдуу акциясын өткөрүп жатат, анын алкагында жаратылыш газына болгон карызды толук түрдө төлөгөндө туум кыскартылат.
Карыздын толук суммасын төлөңүз – кошулган туум толугу менен кыскартылат!
Карыз бар экенин жана анын суммасы канча экендигин кантип билсе болот?
Карыздын суммасын төмөнкү жол менен билсе болот:
Карызды «Газпром Кыргызстан» компаниясынын Калкты тейлөө борборлорунан, GAZPROM.KG мобилдик тиркемеси аркылуу, каалаган төлөө терминалдарынан же төлөм системаларынан төлөсө болот.
Маанилүү!
Карызды төлөөдө төлөм терминалынын же төлөм системасынын комиссиясын эске алыңыздар.
Карызды төлөбөгөн учурда эмне болот:
Эгерде негизги карызды төлөбөгөн учурда батирлерде жаратылыш газын берүү токтотулса, жер үйлөр көчө аркылуу өткөн газ өткөргүчтөрдөн өчүрүлөт. Газ өткөргүчтөрдү өчүрүүгө жол бербөө эки эсе пайдалуу болуп саналат: эгерде ал өчүрүлгөн учурда аны кайрадан кошуу чыгымы орточо эсеп менен 3 миң сомду түзөт жана негизги карызды төлөгөндөн кийин гана уруксат берилет.
"Газпром Кыргызстан" бардык абоненттерди 2021-жылдын 31-октябрына чейин акцияга активдүү катышууга, негизги карызды төлөөгө жана туумдан кутулууга чакырат.
Өздүк каражатты үнөмдөө мүмкүнчүлүгүн коё бербеңиздер!