Бүгүн, 22-октябрда коңшу Казакстандын Алматы шаарындагы аэропортто Баку шаарынан учуп келген учак аэропорттон унааны сүзүп алды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазды.
Маалыматка ылайык, учакта "Кайрат" клубунун футболчулары дагы болгон. Аэропортто FlyJet авиакомпаниясынын учагы Renault унаасы менен сүзүшкөн. Учакта негизинен футболчулар жана клубдун машыктыруучулар штабы болгон. Бактыга жараша, кырсыктан эч ким жабыркаган жок.
"Кайрат" клубу Азербайжандын "Карабах" клубу менен болгон оюндан кийин кайтып келе жаткан. Кыргыз футболчусу Гүлжигит Алыкулов бул оюнда алмашууга чыккан.
Бул окуя боюнча азыр териштирүү иштери жүрүп жатат.