Кыргыз өлкөсүнөн баш тарткан UFC мушкери Рафаэль Физиев Казакстандын жарандыгын алышы мүмкүн. Бул тууралуу аталган өлкөнүн спорттук басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Казакстандын ММА жана панкратион федерациясынын президенти Сагиндык Мекеев Физиев Казакстанда төрөлгөндүгүн баса белгилеген.
"Ал өзүнүн туулган өлкөсүнүн жарандыгын алышы мүмкүн. Албетте, бул тууралуу толук маалыматым жок. Бирок ал Казакстанда төрөлсө дагы, Азербайжандын атынан мелдештерге чыгышы мүмкүн. Менин оюмча, ал мындан ары Казакстандын же Азербайжандын атынан мелдештерге чыгат. Болбосо, Орусиянын же АКШнын. Бирок Азербайжандын атынан чыгуу мүмкүнчүлүгү көбүрөөк", - деген Мекеев.
Рафаэль Физиев 14-октябрда мындан ары беттештерге Кыргыз өлкөсүнүн желеги астында чыкпаарын, өлкөдөн көчүп кетери тууралуу кайрылуу жасаган.