Бүгүн көк бөрүчүлөргө "спорт чебери" наамдары ыйгарылат

Бүгүн, 24-октябрда Чүй облусунун Сокулук районундагы "Белек" ат майданында көк бөрү боюнча өлкө чемпиондугунун финалдык жана 3-орун үчүн болгон беттештери өтүүдө. Өлкөдөгү көк бөрү майрамын улай бардык көк бөрүчүлөргө "спорт чебери" наамдары ыйгарылат.

Учурда 3-орун үчүн Талас облусу менен Ысык-Көл облустары беттеш өткөрүүдө. Сыйлык тапшыруу аземи финалдык беттештин алдында өтөт.

Финалдык беттеш 12:3да башталат. Анда Чүй облусу менен Ош облусунун командалары өлкө чемпиондугун утуп алуу үчүн ат салышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан