Көк бөрү боюнча өлкө чемпиондугу. Чүй жана Ош облустарынын финалдык беттеши башталды

Көк бөрү боюнча өлкө чемпиондугунун финалдык беттеши башталды. Анда 1-орун үчүн Чүй жана Ош облустары күч сынашат.

18-октябрда башталган мелдеште Чүй облусу Нарын облусу жана Бишкек шаарынын командалары менен "А" тайпасында ат салышып, суурулуп чыккан. Жарым финалда Ысык-Көл облусу менен кез келип, 6:1 эсебинде жеңүү менен финалга чыккан.

Ал эми Ош облусу Ош шаары жана Жалал-Абад облусу баштаган командалар менен "С" тайпасында оюн өткөрүп жеңип чыккан. Жарым финалда Таластан келген команданы 1:0 эсебинде утуп алышкан.

Эске салсак, көк бөрү боюнча өлкө чемпиондугу Чүйдүн Сокулук районундагы "Белек" ат майданында өтүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан