Каталондук “Барселонанын” жана Аргентина курама командасынын чабуулчусу Лионель Месси 2013-жылдын аягына чейин майданга чыкпайт. Мындай маалымат кечээ, 11-ноябрда белгилүү болду. Эске салсак, футболчу 10-ноябрда футбол боюнча Испаниянын биринчилигинде “Бетиске” каршы оюндун18-мүнөтүндө жаракат алып, майдандан чыгып кетүүгө мажбур болгон. Ал оюн 4:1 эсебинде “Барселонанын” жеңиши менен аяктаган.
Жоон санынан жаракат алган футболчу ноябрь айында Аргентина курама командасынын Эквадор жана Босния-Герцеговина мамлекеттерине каршы жолдоштук оюндарда майданга чыкпайт. Андан тышкары “Барселонанын” УЕФАнын Чемпиондор Лигасындагы 2 беттеши (“Аякс” менен “Селтик”) жана Испаниянын чемпиондугундагы 4 оюну Мессисиз өтөт.