Кыргыз футболчулары (U-23) "Азия Кубогу-2022" турнирине тандоонун алкагында Бириккен Араб Эмирлигинин командасын утуп алды. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, оюн 2:1 эсеби менен аяктаган. Эскерте кетсек, Кыргыз өлкөсү чүчү кулактын натыйжасында Е тайпасына түшкөн, эми кыргыз футболчулары Индия жана Оман командалары менен кез келет. Жаштар континенталдык биринчилигинин финалдык бөлүгүнө 11 команда өз тайпаларынын жеңүүчүлөрү жана экинчи орун алган мыкты төрт команда чыгат.
Оюн Фуджайра стадионунда өттү.
Оюндун экинчи бөлүгүнүн 73-мүнөтүндө Амир Жапаров айып талаадан гол киргизген. Андан кийин Арлен Шаршенбековдун согончогу менен киргизген тобу командага жеңиш алып келген.