Кыргыз спортчусу Денис Петрашов сууда сүзүү боюнча дүйнө Кубогунда 5-орунду ээледи

Кыргыз өлкөсүнүн сууда сүзүү боюнча спортчусу Денис Петрашов сууда сүзүү боюнча дүйнө Кубогунда 5-орунга ээ болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 21-23-октябрда Доха шаарында (Катар) дүйнөлүк чемпиондуктун үчүнчү этабы өттү. Анда кыргыз спортчусу 3 аралыкка брасс ыкмасы менен сүздү. 200 метр аралыкта Денис Петрашов финалга ийгиликтүү жетип, анда 2 мүнөт 6,10 секунд жыйынтыгы менен коло байге ээсине 4 секундга утулуп, 5-орунду ээледи. 50 жана 100 метр аралыкта да кыргыз спортчусу финалга чейин жетип, анда 8-орунду ээледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан