Бириккен Араб Эмирлигинде өтүп жаткан футбол боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия Кубогуна тандоо оюнуна катышуу үчүн Олимпиадалык курама командага белгилүү футболчу Алимардон Шүкүров кошулду. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунан кабарлашты.
23 жашка чейинки Кыргыз курамасы бүгүн, 27-октябрда Оман курама командасына каршы беттешет. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 18:50дө старт алат.
Кыргыз курама командасы Бириккен Араб Эмирлиги, Индия жана Оман менен "Е" тайпасына бөлүнгөн. Биринчи турдун жыйынтыгы боюнча Кыргыз курама командасы 3 упайы менен азырынча биринчи орунда.