Теннисчи Ксения Палкина өзбекстандык Альбина Хабибулина менен жуптукта Казакстанда өтүп жаткан Эл аралык мелдештин чейрек финалына чыкты. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.
Маалым болгондой, Ксения Палкина-Альбина Хабибулина жуптугу жарым чейрек финалда казакстандык Карина жана Сара Калкеноваларды 2:0 эсебинде утушкан (6:1, 6:0). Палкина жана Хабибулинанын чейрек финалдагы атаандаштары Гузель Айнитдинова (Казакстан) менен Анна Махоркина жуптугу (Орусия) болот.
Мындан тышкары кыргызстандык теннисчи жекеликте да беттеш өткөрөт. Анын биринчи беттеши бүгүн, 12-ноябрда орусиялык Софья Смагинага каршы өтөт.