Айсулуу Тыныбекова: "Айылда нанга жетпей калган күндөр болгон"

Күрөш боюнча 62 килограмм салмактагы кыз-келиндер арасындагы Дүйнөнүн эки жолку чемпиону, "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарынын катышуучусу Айсулуу Тыныбекова балачагында оор күндөрдү башынан өткөргөнүн айтты.

"Кичинекей кезимден баштап эле кыйынчылыкта чоңойдук. Нанга жетпей калган күндөр болгон. 6 жашымдан баштап сүт сатчумун, картошка отоп, аябай кыйынчылык күндөрдү башымдан өткөргөм десем болот. Мен биринчи класска барганымда эле жашоомду өзгөртүшүм керек экенин түшүнгөм", - деди Республикалык жаштар конгрессинде Айсулуу Тыныбекова.

Мындан тышкары ал окуп жүргөндө англис тили курсуна баргысы келгенин, бирок акча жоктугунан бара албай калганын айтты.

Айсулуу Тыныбекова Азиянын төрт, Дүйнөнүн эки жолку чемпиону. Ар кандай эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү, Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси. Күрөш тарыхындагы белгилүү балбан кыздардын бири.

Ошондой эле Айсулуу Тыныбекова өз салмак категориясында дүйнөлүк рейтингде биринчи орунда турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
alimbek94
2021-10-27 12:08:46
Баардыгы мүнөзү күчтүү, сулуу аялдарга суктанышат. Эл сыймыктанган күчтүү кыздардын саны бизде өсө берсин. Азайбасын.
+4
Bishkek-Kg
2021-10-27 14:01:02
Андай кыйынчылык убак Кыргызстан боюнча эле болгон кезинде.
+4
Taalaibek.
2021-10-28 07:43:11
Азаматсын Айсулуу!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан