Айсулуу Тыныбекова: "Башка өлкөдөн сунуш түшкөн. Кетейин дегем, бирок..."

"Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси Айсулуу Тыныбекова "Рио-2016" Олимпиадасында жеңилүү ызасын тартып калгандан кийин ар кандай сөздөр айтылганын, мындан улам башка өлкөгө кетүүнү ойлонгонун айтты.

"Рио-2016" Олимпиадасында күчүм жетпей калып же болбосо техникалык ыкмаларым жетпей калып утулган эмесмин. Мен ойлойм бул буйруктун аркасы менен. Анткени ар бир жеңилүү бул кийинкиге дайындап, муну көтөрө алабы деп сыноо катары берилет экен.

Бирок мен ал учурда аны көтөрө албай калчудай учурга келгем. Ошол учурда ар кандай сөздөр болуп, менин жан дүйнөм ооруган. Мен чындыгында таарынгам. Ошол учурда башка өлкөнүн атынан дагы чакыруулар келип жүргөн. Мен кетейин деп оюм 50 жана 50 пайызга туруп калган болчу", - деди Айсулуу Тыныбекова Республикалык жаштар конгрессинде.

"Бирок ошол учурда менин машыктыруучум (ред:. Нурбек Изабеков) мага "Карачы, канчасы кетип жатат. Сага чейинки спортчулардын бардыгы кеткен. Сенден башка ким бар?" деген. Чындыгында анда эч ким жок болчу. Нурбек агайым "Айсулуу, чыда, бул күндөр дагы өтөт. Бирок сенин артыңан канча деген жаштар чыгат. Карачы, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, Калмира Билимбек кызы, Сезим Жуманазарова деген кыздар келе жатат. Ошолордун сени карап турган көздөрүн таштаба" деген болчу. Мен ойлонуп, өзүмдү-өзүм күчтөп, өзүмө сөз бергем. Бүгүнкү күндө айланамдагыларга ыраазымын", - деп кошумчалады Тыныбекова.

Айсулуу Тыныбекова "Рио-2016 жайкы Олимпиада оюндарына 58 килограмм салмакта катышып, анда жарым финалга чейин жетип, жарым финалда орусиялык Валерия Кобловага 4:1 эсебинде жеңилип калган. Коло медаль үчүн кармашта кыргыз балбаны индиялык Малик Сакшиге 8:5 эсебинде утулуп, 5-орунду ээлеп калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aza2100
2021-10-27 14:45:25
Чындыгында көп кыздарга дем, күч бердиң, үлгү болдуң, кыргызды дүйнөгө тааныттың
+8
Taalaibek.
2021-10-28 07:38:01
Айсулуу дарак бир жерде когорот. Сен чыдадын сен мыктысын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан