Казакстандын Тараз шаарында бодибилдинг жана фитнес боюнча 34-ачык чемпионат өтүп, кыргыз бодибилдерлери сегиз медалга ээ болушту. Мындай маалымат Бодибилдинг жана фитнес федерациясынын Инстаграм баракчасына жарыяланды.
Бодибилдинг боюнча чемпиондордун тизмеси:
- Александр Васильченко - "мэнс физик" категориясында күмүш медалдын ээси;
- Светлана Кошелева - "фитнес бикини" категориясында бою 163 сантиметрден жогоркулар арасында алтын медалдын, ошондой эле аталган категорияда (бою 172 сантиметрден жогору) күмүш медалдын ээси;
- Артём Друзин - "классикалык бодибилдинг" категориясында күмүш медалдын ээси;
- Станислав Болтовский - 85 килограмм салмакка чейинкилер арасында алтын медалдын ээси;
- Арина Макушенко - "акробатика" жана "фитнес бикини" категорияларында (бою 163 сантиметрге чейин) коло медалдын ээси;
- Анастасия Любоконскис - "фитнес бикини" категориясында (бою 163 сантиметрден жогору) коло медалдын ээси;
- Искак Субанкул уулу - Биринчи кубокто "мэнс физик" категориясында (бою 178 сантиметрге чейин) коло жана чоңдор арасындагы "мэнс физик" категориясында (бою 178 сантиметрге чейин) алтын медалдын ээси.
Ал эми дипломго ээ болгондор:
- Алина Савиных - "фитнес бикини" категориясында (бою 164 сантиметрге чейин);
- Антон Белёв - "мэнс физик" категориясында (бою 182 сантиметрден жогору);
- Иоланта Когтева - "фитнес бикини" категориясында (бою 172 сантиметрден жогору).