Орусиянын Ингушетия Республикасындагы атышуудан каза болгону айтылып, кийин качып кеткени белгилүү болгон эркин күрөш боюнча Азия чемпиону Муслим Евлоевден дагы деле дайын жок. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз өлкөсүнүн атынан Азия чемпиондугунда күмүш байге тагынган балбан Магомед Мусаев билдирди.
"Муслим жөнүндө азыркыга чейин так маалымат жок. Ал жөнүндө менде эле эмес, ата-энесинин, бир туугандарынын дагы маалыматы жок. Каякта экени белгисиз", - деди Мусаев.
2020-жылдын август айында Кыргыз өлкөсүнүн атынан эркин күрөш боюнча Азия чемпиону болгон Муслим Евлоевдин атып өлтүрүлгөндүгү кабарланган. Өз кезегинде орусиялык басылмага укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булак өлтүрүлгөндөрдүн арасында Евлоев жок экенин жана ал качып кеткендигин билдирген.
Муслим Евлоев эл аралык даражадагы спорт чебери. Ал күрөш боюнча Кыргыз улуттук курамасынын катарына 2015-жылы кошулуп, 2018-жылы курамадан чыгарылган. Бул убакыт аралыгында ал Баку шаарында өткөн Ислам тилектештик оюндарында жана Стамбул шаарында өткөн "Яшор Догу" эл аралык турниринде жеңишке жеткен. Евлоев 2017-жылы Индияда өткөн күрөш боюнча Азия чемпиондугунда күмүш медалга жана 2018-жылы Бишкекте өткөн Азия чемпиондугунда алтын медалга ээ болгон.