Elite House – убакыт сынагынан өткөн ишенимдүү куруучу!

Үй – ар бир адамдын жашоосунун пайдубалы. Турак жай жөн гана жеткиликтүү эмес, сапаттуу да болушу керек. Ал эми куруучу жөн гана үйдү куруп койбостон, ишенимдүү да болушу шарт. Elite House курулуш компаниясынын негизги идеологиясы - ар бир кыргызстандыктын бактылуу жана жайлуу жашоосу үчүн эң мыкты кыймылсыз мүлктү куруу.

Акыркы 8 жылда Кыргызстандын рыногунда компания жарым миллиондон ашык чарчы метрди ишке ашырууга жетишкен. Белгилей кетсек, Elite House курулуш компаниясы өзүнүн тарыхында каржы мекемелеринин алдында карызы жок, демек компаниянын ишенимдүүлүгү убакыттын өтүшү менен далилденгенин билдирет.

Elite House тарыхы - бул 0 насыя жана 0 карыз. Ишенимдүүлүк менен сапатты тандап алышкан 3000ден ашуун кыргызстандык үй-бүлө тандоосу.

«Биз үчүн башкалардан бир нече кадам алдыда болуу жана кардарларга мүмкүн болушунча жакын болуу маанилүү. Биз ар дайым бардык тенденцияларга көз салып, инновациялык продукцияларды киргизип турабыз. Компаниянын ушундай продукцияларынын бири – бул бардык курулуш объектилеринде турак жай сатып алуу үчүн пайызсыз 10 жылдык бөлүп төлөө», - деп баса белгилейт Elite House курулуш компаниясынын башкы директору Руслан Нармедов.

Бирок бул ушуну менен эле бүтпөйт. Октябрь айынын аягына чейин гана “Ысык кешбэк” уникалдуу акциясы өтөт. Анын жардамы менен Elite House’тан каалаган кыймылсыз мүлк сатып алууга кеткен каражаттын бир бөлүгүн кайтаруу мүмкүнчүлүгү берилет. Баштапкы төлөмгө жана курулуш объектисине жараша 15%га чейин кешбэк алуу мүмкүнчүлүгүңүз бар. Накталай 100% төлөм менен 15% кешбэк алсаңыз болот. Эгерде сиз кыймылсыз мүлккө 50% баштапкы төлөмүңүз болсо, анда 10% кешбэк аласыз. Ал эми 30% төлөсөңүз, анда сиздин бонус 5% болот.

Акция Бишкектин эң мыкты райондорунда курулуп жаткан: New York City, Discovery, Nova City, "Эл Классик Плюс" жана "Континенталь" комплекстериндеги батирлерге жайылтылат.

Өзүңүзгө ыңгайлуу болгон төлөм формасын жана ийкемдүү графикти тандаңыз! Бирок бул гана эмес! Эски үйүңүздү же унааңызды Elite House'тун жаңы мүлкүнө алмаштырып алсаңыз болот. Бул учурда сиздин мүлк рынок наркы боюнча бааланат.

Elite House компаниясынан мүлк сатып алуу мене сиз активдүү жашоо образын жана чоң мүмкүнчүлүктөрдү тандап аласыз!

Толук маалымат 0(555) 555-555 номери боюнча же болбосо компаниянын сайтында.

Elite House – убакыт менен текшерүүдөн өткөн ишенимдүү куруучу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан