Сербиялык теннисчи Новак Жокович Профессионал теннисчилер ассоциациясынын жылды жыйынтыктоочу мелдешинин жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.
Новак Жокович менен испаниялык Рафаэль Надалдын ортосундагы финалдык беттеш кечээ, 11-ноябрда орун алды. Тиреш 1 саат 37 мүнөткө созулуп, жыйынтыгында 6:3, 6:4 эсептеринде жеңиш сербиялык теннисчи тарапта болду.
Жокович профессионалдык карьерасында Профессионал теннисчилер ассоциациясынын жылды жыйынтыктоочу мелдешинде 3-ирет жеңүүчү аталды.