"Барселона" клубу башкы машыктыруучулук кызматка мурдагы оюнчусу Хавини дайындоого даярдык көрүүдө

Испаниянын "Барселона" футболдук клубу мурдагы жарым коргоочусу Хавини башкы машыктыруучу кылып дайындоого даярдык көрүп жатат. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, каталондук клуб бул чечимди тез арада чечүүгө аракет кылып жатат. "Барселона" клубунун айрым футболчулары 41 жаштагы мурдагы футболчу менен сүйлөшүү жүргүзүшкөн.

Хави карьерасынын көпчүлүк бөлүгүн "Барселона" клубунда өткөргөн (1998-2015) жана клуб менен 25 Кубок, анын ичинде 4 жолу Чемпиондор Лигасын жана 8 жолу Испания чемпиондугун жеңген. 2015-жылы "Аль-Садд" клубуна өтүп, 2019-жылы Катардын клубунда машыктыруучулук карьерасын баштап, команда менен 7 Кубок, анын ичинде өлкө чемпиондугун жеңген.

Буга чейин "Барселонанын" башкы машыктыруучусу Рональд Куман "Райо Вальекано" клубуна 0:1 эсебинде жеңилгенден кийин кызматынан алынгандыгы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bayern-munchen
2021-10-29 12:52:06
Хавиде дагы тажрыйба оноп кете албайт Барса азыр чогуп жаткан кеме сыяктуу Эгер Клоппту алып келсе балким онолуп калаар башкасы оной албайт
0
dastan_nookat
2021-10-29 22:00:48
Алып келиш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан