Beeline компаниясынан IT-кесиптердин актуалдуу багыттары боюнча окуу программасына өткөн бактылуулар окууга бет алышты. 1600дөн ашык өтүнмөлөрдүн ичинен компания 420 катышуучуну тандап алды жана алар 2-7 айдын ичинде заманбап кесиптерди өздөштүрүп, андан кийин эмгек рыногунда талап кылынган адистердин катарына кошула алышат. Ал эми алардын эң мыктылары белекке акыркы муундагы ноутбуктарды да алышат.
17 жаштан жогорку жүздөгөн кыргызстандыктар үчүн IT-адисинин көндүмдөрүн толугу менен акысыз алуу мүмкүнчүлүгү Beeline компаниясынын Digital Academy менен өнөктөштүктө биргелешкен социалдык долбоорунун аркасында пайда болду.
«Жаш муун үчүн программаларды иштеп чыгуу көптөгөн ири компаниялардын артыкчылыктуу багыты болуп калат. Жаштардын өлкөбүздөн чыгып кетиши мамлекеттин алдында турган көйгөйлөрдүн бири болуп саналат. Биз өсүп келе жаткан муундун билимин өнүктүрүүгө салым кошууну каалайбыз, ошондуктан Digital Academy менен биргеликте IT-адистиктерин окутуу боюнча долбоорду ишке ашырдык», - дейт Beeline компаниясынын башкы директорунун биринчи орун басары – финансы директору Айзада Мадамбекова.
Демилге эч кандай коммерциялык түзүүчүнү камтыбайт жана окутуу акысыз өтөт. Долбоор социалдык мүнөзгө ээ, анын негизги милдети калкты агартуу жана программалоо сыяктуу тез өзгөрүп жаткан чөйрөдө потенциалдуу адистердин санын көбөйтүү болуп саналат.
Долбоорго катышуу үчүн тандалган 420 адам – мектеп бүтүрүүчүлөрү, башталгыч курстардын студенттери жана жаңы адистикти өздөштүрүүнү каалаган аялдар жана эркектер.
Бул программа студенттерди программалоого үйрөтүү менен гана чектелбестен, ар бир адамга туура багытты тандоого жардам берерин айта кетүү маанилүү. Ошентип кесиптик багыт берүү боюнча тестирлөөдөн өткөндөн кийин 250 катышуучу «Компьютердик сабаттуулук» курсуна, 145 катышуучу «Программалоонун негиздери» багытында, дагы 26 катышуучу UX/UI Дизайнына багытталды жана анда аларга UX дизайны жана UI дизайны жөнүндө айтып беришет, жана эң негизгиси, сайттарды жана мобилдик тиркемелерди иштеп чыгууда алган билимдерди колдонууга үйрөтөт. Окутуу 2021-жылдын 15-сентябрында башталган.
«Beeline социалдык инвестициялары Кыргызстанда ишкердикти жана инновацияны өнүктүрүүгө көмөктөшүү, санариптик долбоорлор жана максаттуу окутуу аркылуу санариптик технологияларды илгерилетүү жана тиешелүү компетенцияларды өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу максатында иштелип чыккан. Биздин долбоор өлкөгө чоң пайда алып келет деп ишенебиз», - деди Айзада Мадамбекова.
Өлкөдөгү оор эпидемиологиялык кырдаалды жана студенттердин айрымдары республиканын алыскы аймактарында жашагандыгын эске алуу менен окутуу эки форматта – онлайн жана оффлайн өткөрүлөт. Компания ошондой эле Интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү бар атайын зоналарды, ыңгайлуу окуу үчүн бардык керектүү жабдыктары бар ачык бурчтарды уюштурууга кам көргөн.
Окуу процессине Программалык камсыздоону жана сервистерди иштеп чыгуучулардын кыргыз ассоциациясынын алдыңкы тренерлери жана насаатчылары тартылгандыгын белгилей кетүү маанилүү. Алар мезгил-мезгили менен аймактарга барып, долбоордун катышуучулары менен жеке жолугушууларды өткөрүшөт.
Окутууда студенттерди Beeline тарабынан колдоо бүтпөйт. Курстун аягында компания алардын мыктыларына өлкөнүн алдыңкы ишканаларына жумушка орношууга жардам берет.