Сербиянын борбору Белград шаарында өтүп жаткан бокс боюнча Дүйнө чемпиондугунда Акылбек Эсенбек уулу менен Жакшылык Таалайбеков 1/8 финалга чыкты.
Акылбек Эсенбек уулу 1/16 финалда жергиликтүү мушкерди 5:0 эсебинде жеңсе, Жакшылык Таалайбеков иорданиялык мушкерди 4:1 эсебинде жеңип, 1/8 финалга чыкты.
Буга чейин Эркин Адылбек уулу 1/8 финалга чыккан. Муну менен Дүйнө чемпиондугунун 1/8 финалына жалпы үч кыргыз мушкери чыкты.
Бокс боюнча Дүйнө чемпиондугу 24-октябрда башталган. Турнир 6-ноябрда аяктайт.