"Бирге ичимдик ичип, кийин бычактап салган". Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

Бишкекте адамдын ден соолугуна оор залал келтирүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 18-октябрда саат 08:33 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматына Арча-Бешик жаңы конушунан Ш.А. аттуу жарандын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 17-октябрда Бишкек шаарынын Арча-Бешик жаңы конушунда жайгашкан тигүү цехтеринин биринин күзөтчүсү Ш.А. К.К. аттуу адам менен спирт ичимдиктерин ичишкен. Андан соң К.К. шеригин бычактап кетип калган. 18-октябрь күнү саат 08:00 чамасында алган жаракатынан улам жабырлануучу каза болуп калган.

"Бул факты Ленин РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, "ден соолукка оор залал келтирүү" беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары 1989-жылы туулган К.К. аттуу жаран кармалган. Шектүүнүн баш коргоо чарасын Ленин райондук соту карап, СИЗО-1ге 2 айга камакка алган", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан