Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия Кубогуна тандоо оюндары өтүүдө. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзу кабарлады.
Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо "I" тайпасынын беттештери өтүп жатат. Анда Мьянма, Вьетнам жана Кытайдын Тайбэй курама командалары беттешет. Учурда үч команданын тең делегациялары Азия Кубогунун тандоо турнирине катышуу үчүн Бишкекке учуп келишкен.
Өз кезегинде Кыргыз футболдук союзу Бишкекке учуп келген футболчуларга калпак кийгизди.
23 жашка чейинки курама командалар арасындагы Азия кубогунун финалдык туру 2022-жылы Өзбекстанда өтөт.