"Чоң жоопкерчилик жүктөлдү". Ырчы Эмилбек Балтагулов Жалал-Абад облустук театрынын директору болду

Жалал-Абад маданият техникумунун директору, ырчы Эмилбек Балтагулов эми облустук театрды жетектейт. Тагыраак айтканда, ырчы Жалал-Абад облустук Барпы Алыкулов атындагы облустук театрына директор болуп дайындалды. Бул туурасында Балтагулов өзү билдирди.

Айтымында, тиешелүү буйрук 29-октябрда чыкты.

"Буйрук чыгып, театрдын эмгек жамаатына тааныштырылдым. Моюнубузга мурдагыдан да чоң жоопкерчилик жүктөлдү. Театрдын ийгиликтери да, кемчиликтери да жон-терибизден өтөт. Ошого макул болуп иштеп берүүгө бел байладым. Искусство тармагында иштөө мага жат эмес. Буга чейин маданият жаатында иштеп келдим. Театр кызматкерлери менен жакшы тил табышып, иштеп кетем деген үмүттөмүн", - деди ал.

Ырчы 2019-жылы Жалал-Абад маданият техникумунун директору болуп дайындалган. Ага чейин Эмилбек Балтагулов төмөнкү кызматтарды аркалаган:

2004-2007-жылдары - Ош мамлекеттик университетинин Искусство факультетинде окутуучу;

2010-2011-жылдары - Чаткал районунун Терек-Сай айылындагы маданият үйүнүн көркөм жетекчиси;

2013-2019-жылдары - Жалал-Абад облустук Т.Тыныбеков атындагы филармониянын артисти;

2015-2017-жылдары - Жалал-Абад облустук филармониянын директорунун орун басары;

2018-2019-жылдары - Гүлнара Бакиева атындагы №24 мектебинде мугалим;

2019-жылы Сузак районундагы балдардын билим берүү борборунун "Жаш талант" музыкалык ийриминин жетекчиси.

Мындан тышкары ырчы - 14 жылдык тарыхы бар "Сезим" эстрада тобунун түзүүчүсү жана жетекчиси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Taalaibek.
2021-10-30 07:19:22
Бул балага жомоктогудай эле болуп калат го. Аттуу баштуулар жокбу. Эмгеги коп иштеп кеткен адамдар таарынышат го.
-8
Katrina.
2021-10-30 13:07:59
Taalaibek.,Бала эмес кыркка чыгып калса керек.
+10
Dembele84
2021-10-31 09:26:05
Taalaibek.,Тормоз,тушунбосон жон эле койбопсун
+3
talant87
2021-10-30 07:27:04
Ошонтип жаштарга орун берсин ишине ийгилик
+17
basyz-kaman
2021-10-30 08:05:26
Балтагулов иштей турган жигит. Ицгилик каалайбыз.
+18
Karakoz90
2021-10-30 10:04:35
ийгилик каалайбыз! Балтагулов маданият техникумун бир топ ондоп, студенттердин санын жана билим денээлин которуп койду. Барпы театрын да ийгиликке жетелейт деп тилейбиз жана ишенебиз.
+13
Antiradikal3
2021-10-30 12:29:05
Ийгилик каалайм!

Биринчиден хайптан алыс жургон, жонокой жигит. Экинчиден озунун таланты, мээнети менен, ушунча жыл маданият тармагында эмгектенип келген эмгегинин узуру менен ушул кызматтарга жетип отурат. Мунун артында Асан акеси жок. Ушунун баарына бешене тери менен жетти. Учунчудон жаш да, кары да эмес, эл ортосу, бир жагынан маданият тармагында кеминде 15-17 жылдык тажрыйбасы бар, экинчи жагынан иштесе ишке тойбогон убагы, карып иштен жалкыган жашка жете элек.
+16
Misha77
2021-10-31 21:15:56
Antiradikal3,Асан ким?
0
Antiradikal3
2021-10-30 12:33:32
Чон жоопкерчилик алып отурат, буюрса озун мыкты уюштуруучу, иш билги жетекчи катары жакшы жагынан корсотот, бул драм театр жаныланып онугуу устундо болот, элге коруом эл онорун тартуулап эл оозуна алынат деп умут кылып калам.
+11
Margana93
2021-10-30 12:33:56
Куттуктайм
+10
Katrina.
2021-10-30 13:06:27
Ишине ийгилик,ичтен билет экен.Чочугандай эле барып олтуруп калбай.
+8
mery.89
2021-10-31 22:28:53
Ишине ийгилик.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан