Португалия курама командасынын жана мадриддик “Реалдын” чабуулчусу Криштиану Роналду мадриддик клубдун тарыхындагы эң көп гол киргизген футболчу болууга каалоосу күч экенин билдирет. “Мен голдордун саны боюнча “Реалдын” тарыхындагы эң көп гол киргизген оюнчу Раулдан ашып түшкүм келет. Менин голдорум команданы дагы да жакшы жыйынтыкка алып келет”,- дейт ал.
Эске салсак, азырынча Криштиану Роналдунун эсебинде 225 гол болсо, Рауль 323 гол киргизген. Кызыгы, Криштиану Роналду үчүн 225 гол киргизүү үчүн 216 гана оюн жетиштүү болгон.