Футбол боюнча Кыргыз өлкөсүнүн жаштар курама командасы (U-23) Индия менен болгон оюнда пенальтилер сериясында жеңишти алдырып жиберди. Бул тууралуу өлкөнүн футбол союзунан билдиришти.
2023-жылы Пекинде өтө турган Азия Кубогуна тандап алуу оюндарынын алкагында өткөн беттеш кечээ, 30-октябрда Бириккен Араб Эмираттарында жайгашкан Фуджайра стадионунда болуп өттү. Анда улуттук курама команда "Е" тайпасындагы акыркы оюнунун өткөрүп, Индия менен кез келди. Беттеш 90 мүнөт бою тең салмактуу мүнөздө уланып, эки тарап тең гол жарата алган жок. Оюндун негизги убактысы 0:0 эсебинде жыйынтыкталып, оюн калысы жеңүүчүнү аныктоо үчүн пенальтилер сериясын белгиледи.
Анда, тилекке каршы, ата мекендик футболчулар 2 ирет ката кетирип, жалпы жыйынтыкта 4:2 эсебинде жеңилүү ызасын тартып калышты. Муну менен улуттук команда өз тайпасында 3-орунга жайгашып, "Азия Кубогу 2023" мелдешине катышуу укугунан ажырады. Тандоо турунун финалдык баскычына 11 тайпанын жеңүүчүлөрү жана 2-орунду татыктуу камсыздаган 4 мыкты команда өтөт.
Эске салсак, Кыргыз өлкөсү Азия Кубогуна тандап алуу оюндарында Оман, Бириккен Араб Эмираттары жана Индия менен "Е" тайпасында оюндарды алып барды. Анда жалпы 3 оюн өткөрүп, 1 жолу жеңишти камсыздаса, 2 ирет жеңилүүгө дуушар болду. Тактап айтканда, тайпадагы алгачкы оюнда Бириккен Араб Эмираттарын 2:1 эсебинде жеңип алышты. Ал эми Оман өлкөсүнө 1:0 эсебинде, Индияга 4:2 (пенальтилер сериясы) утулуп калышкан.