Эркин күрөш стилинде күрөшкөн балбан Самат Надырбек уулу АКШда өткөн эл аралык мелдеште алтын медаль тагынды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Самат Надырбек уулу бул мелдештин финалында орусиялык Омак Сюрюнди утуп алган. Мелдеш Нью-Йорк шаарында өтүп, анда жалпысынан 7 комплект медаль ойнотулган.