Бүгүн, 1-ноябрда Сербиянын борбору Белград шаарында 23 жашка чейинкилер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу старт алат.
Бүгүнкү беттешти грек-рим күрөшү боюнча балбандар баштайт. Анда 55 килограмм салмакта Акыйкат Күлжигит уулу жергиликтүү балбан Себастьян Коломпар менен кез келет.
77 килограмм салмакта катышкан Акылбек Талантбеков алгачкы жүрүшүн 1/16 финалда баштап, анда түркиялык Эркан Эрге аттуу балбан менен кез келет.
87 килограмм салмактагы Азат Салидинов алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштайт. Анын алгачкы атаандашы коңшу казакстандык Максат Сайлау аттуу балбан болот.
Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 15:30да башталат.