Футбол
боюнча Кыргызстан Улуттук курама командасы кечээ 11-ноябрда Эль-Кувейт шаарында
Кувейттин Улуттук курама командасы менен жолдоштук беттеш өткөрүп, 1:0 эсебинде
утулуп калды. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясы билдирет.
Маалыматка
ылайык, оюндагы жалгыз гол 2-таймдын башталышында кирген. Калган убакытта
Кыргызстан курама командасы эсепти теңей алган эмес.
Эске салсак, бул беттеш Кыргызстандын
2014-жылкы АФКнын (Азиялык Футбол Конфедерациясы) Чакырык кубогуна карата
даярдыгынын алкагында уюштурулду. Улуттук курама команда кезектеги жолдоштук
беттешин 19-ноябрда Бишкекте Азербайжан курама командасына каршы өткөрөт.