- Уктап калыптырбыз!
Таңды тосуу анчейин эле болду. Чыгаарыбызга жарым саат калган. Балам мектепте математика сабагынан текшерүү ишин тапшырмак. Аялым болсо ишинде жарым жылдык отчётун берүүсү керек эле. Өзүм дагы жумушка кечикпей барышым шарт.
Шашылыш чогулдук. Унаанын ачкычы от алдырууда.
- Тр-тр-тр-тр-тр…
Автомобилисттин эң ыңгайсыз учурда дөңгөлөгү жок калуу - тууралуу эң коркунучтуу түшү чындыкка айланды.
Мурда кырдаалдын оорчулугунда такси кызматын терип, ошол эле учурда сабырдуу болуп, трубкадагы зээриккен үндүн: “20 мүнөт күтө туруңуз” деген кеңеши менен тагдырга баш ийүүдөн башка эч айла калбайт эле. Эртең мененки тыгын убагында Бишкекте унаа чакыруунун өзү эле кандай түйшүк. Ошондой эле ыңгайсыз болот. Бирок таңкы тополоңдон кийин Яндекс Go колдонмосуна көз жүгүртүп, жашоо кайрадан оңоло баштаганына мен ынандым. Биздин райондо «Шаттл» сервистик кызматынын тарифи жеткиликтүү болуп калыптыр. Мен үч орундукка буйрутма бердим да, 12 мүнөттөн кийин үй-бүлөм менен чоң минивен унаасында отурдум. Биз көздөгөн жерибизге ыңгайлуу жана күлкүлүү баада жетип алдык. Бул тууралуу ирети менен айтып берейин.
Яндекс Go “Шаттл” сервисин эксперименталдык тариф катары ушул жайда киргизген. Анын иштөө принциби эң жөнөкөй. Алгач эки маршрут боюнча: борбордук жана түштүк-чыгыш багыты боюнча жүрүүгө буйрутма берүү мүмкүн болчу. Картада белгиленген квадратта иштейсизби же жашайсызбы, айтор, сиз менен бирге багыты бир болгон дагы төрт жүргүнчүгө чейин отурууга мүмкүн болгон, жайлуулук менен сапарга чыгууга үмүт арта берсеңиз болот. “Шаттл” орто эсеп менен 15 мүнөттө бир жолу жүрөт. Бул жайлуулуктун баасы багытына жараша бир орунга 20-30 сомду түзөт. Качан жана каякта ушундай болчу эле?
Ал эми октябрь айынан баштап бул эки ачык багытка дагы эки каттам кошулду: түндүк багыты (7-Апрел – Жибек Жолу – Фучик – Чүй проспектиси) жана түштүк багыты (Тыналиев – Ахунбаев – Юнусалиев – Түштүк магистраль). Айтор, акыркысы «биздики» болуп чыкты.
Баса, керек убакта дагы жаңы ыңгайлуу опция да пайда болду. Эми сиз бир эле учурда салондон үч орунду ээлеп койсоңуз болот. Биздин үй-бүлөбүз үчүн дал ушул керек эле.
Эгерде сиз качандыр бир “Шаттлда” жүргөн болсоңуз, анда сиз Яндекс Go тиркемесиндеги картадан отуруу жана түшүрүү пунктун тандаган кезде тариф көрсөтүлөрүн билесиз. Бул сервисти колдонуучуларды “Шаттл” аялдамадан гана алат жана түшүрөт. Бирок ошол эле учурда жүргүнчүлөрдү жык-жыйма кылып салган маршруткаларга салыштырмалуу абдан эле ыңгайлуу. Анткени анын ичинде бир гана отуруучу орундуктар жана болгону беш орун бар. Салону кенен, таза жана кондиционер менен жабдылган. Ошентип биз үчөөбүз “таксидегидей” шарт менен бара турган жерибизге 60 сомго эле жетип алдык. Уулум текшерүү ишине жетишти, жубайым отчётторун өз учурунда тапшырды. Мен дагы кечиккеним үчүн жумуштан сөгүш алган жокмун.
Үй-бүлөлүк унаабыз дагы деле оңдоодо турат, анткени менен биз дем алыш күндөрү үйдө болбойбуз. Жекшембиде баарыбыз биригип "Космопаркка" баралы деп жатабыз. Бул жолу дагы “Шаттл” менен болобуз.