Өзгөчө кырдаалдар министрлиги спорттук командаларга 5 миллион сом бөлөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2014-жылы мамлекеттин эсебинен спорттук командаларга 5 миллион сом бөлөт. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жыйынында министр Кубатбек Боронов билдирди.

Кубатбек Боронов кызматкерлерине спорт тармагы боюнча олуттуу даярдыктарды көрүүнү тапшырды. Анын айтымында 2014-жылдын май айында аталган министрликтин уюштуруусунда бир катар спорттук мелдештер болот. Анын ичинде өрт өчүрүү боюнча иш алып барган адистердин арасында да жарыштар өтөт. 

“Ушул багыт менен иш алып барышыбыз керек. Качан гана командалар жарыштарга даяр болгондо, аларды спорттук шаймандар менен камсыздоо үчүн бюджеттен 5 миллион сом бөлүнөт”,-дейт Боронов. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sra74
2013-11-12 17:10:23
Жакшы болуптур, эчак эле уюштуруш керек эле да!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан