Лионель Месси "Барселонага" кайтуу ниети бар экенин билдирди

Франциянын "ПСЖ" футболдук клубунун аргентиналык чабуулчусу Лионель Месси "Барселонага" кайтып барышы мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.

"Мен "Барселонага" кайтамбы? Ооба, мен дайыма клубга жардам бергим келет деп айтып келгем. Мен клубга качандыр бир күнү техникалык катчы болгум келет. Мүмкүнчүлүк болсо, мен дагы колумдан келген нерсеге салым кошкум келет, анткени бул мен жакшы көргөн клуб. Мен анын өсүп-өнүгүшүн жана дүйнөдөгү эң мыктылардын бири бойдон калышын каалайм", - деген Месси.

5-августта каталондук клуб 34 жаштагы аргентиналык футболчу менен болгон келишимди Ла Лиганын эрежелеринде жазылган каржылык тоскоолдуктардан улам узартпай турганын жарыялаган.

10-августта чабуулчу "ПСЖ" клубу менен эки жылдык келишимге кол койгон. Бул убакыт аралыгында Месси 8 оюнга катышып, 3 гол киргизди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан