Бүгүн, 1-ноябрда Сербиянын борбору Белград шаарында күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпиондугу старт алды.
Дүйнө чемпиондугуна 87 килограмм салмакта катышкан Азат Салидинов алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштап, анда коңшу казакстандык Максат Сайлау аттуу балбан менен кез келип, 10:0 эсебинде жеңилүү ызасын тартып калды. Атаандаш биринчи бөлүктө эле 9 упай алганга жетишти.
Кыргыз балбанынын Дүйнө чемпиондугундагы мындан аркы жүрүшү казакстандык балбандан көз каранды.