Кыргызстан жана Нигерия мамлекеттери 3 спорт түрү боюнча кызматташат

Кыргызстан жана Нигерия мамлекеттери үч спорт түрү боюнча кызматташат. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда Бүткүл дүйнөлүк профессионалдык бокс федерациясынын вице-президенти, футбол жана каратэ боюнча да иш алып барып жүргөн нигериялык ишмер Рафаэль Икэдиоби Бишкекте журналисттер менен жолугушууда билдирди. 

Анын сөзү боюнча, бул эки мамлекет спорт тармагында, тагыраак айтканда каратэ-до, футбол жана бокс боюнча кызматташат. Ал учурда Кыргызстанда каратэнин деңгээлин иликтеп жатканын, андан тышкары эки өлкөнүн футбол боюнча курама командалары арасында жолдоштук беттеш өткөрүү планы бар экенин билдирди. Ошондой эле, кыргызстандык тарап бокс жаатында кызматташтыкты азыр да баштаганга даяр. Биздикилер нигериялык мушкерлерди жыл сайын өтүүчү бокс боюнча Кыргызстандын биринчилигине чакырышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bosmos7
2013-11-12 15:44:53
Уушалар жон эле койбоду.Оздорун эптеп бага албай Кыргыздын жеендерин карайта баштайт эми. Ушул мамлекет Озун эптеп бага албайт анан жарандарын кытайга окшоп ар жерге таштайт.Жашап кетсин деп.
0
nursultan1
2013-11-13 19:55:40
bosmos7, сен туура тушщунуп окусан бул жерде катын алмашабыз деп жаткан жери жок. Нигерия спорту биздикине салыштырма алда канча кучтуу андыктан тажыйырба алмашууга болот.
0
Shai
2013-11-12 16:16:41
Охооо анда биздин кара жээндер да пайда болот экенда эми. Биздин кыздар таппайле турат сразуле куйоо кылып алат. Бирок иштерине ийгилик. Бирок Кыргызстандын желегин негрлер коколотуп калбасале эми.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан