Сербия: "Зал толо атаандашты колдоп". Акыйкат Күлжигит уулу сербиялык балбанды мөөнөтүнөн мурда жеңди

Бүгүн, 1-ноябрда Сербиянын борбору Белград шаарында күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпиондугу старт алды.

Дүйнө чемпиондугуна 55 килограмм салмакта катышкан кыргыз балбаны Акыйкат Күлжигит уулу алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштап, анда жергиликтүү Себастьян Коломпар аттуу балбан менен кез келди.

Биринчи бөлүктө атаандаш активдүү күрөш көрсөтпөгөнү үчүн кыргыз балбанына 1 упай берилип, сербиялык балбан партерге коюлду. Тилекке каршы, партерден кыргыз балбаны упай ала алган жок.

Экинчи бөлүктө Акыйкат Күлжигит уулу атаандашын килемден түртүп чыгарып, дагы бир упай алды. Андан кийин атаандаш активдүү күрөш көрсөтпөгөнү үчүн дагы партерге коюлду. Андан Акыйкат Күлжигит уулу 6 упай алып, 9:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетти.

Муну менен кыргыз балбаны Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалына чыкты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Eden-Hazard
2021-11-01 19:52:31
Эми утулду казахтан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан