Кыргыз өлкөсүндө төрөлгөн футболчу Ильзат Ахметов Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюнунун алкагындагы Кипр жана Хорватия курамаларына каршы ойноо үчүн Орусия курамасына чакырылды. Бул тууралуу Орусиянын футбол федерациясынын расмий сайтына жарыяланды.
Май айындагы Европа чемпиондугуна тандап алуу оюндарында Ильзат Ахметов Орусия курамасына чакырылган эмес. Октябрь айындагы Словения жана Словакия курамаларына каршы оюнга Ильзат Ахметов дагы чакырылбай, кийинчерээк негизги курамдагы Александр Головин жаракат алгандыгына байланыштуу анын ордуна чакырылган.
Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюнунун алкагында Орусия 11-ноябрда Санкт-Петербургда Кипр курамасы менен ойносо, 14-ноябрда конокто Хорватия курамасы менен ойнойт.