Александр Емельяненко мас абалында учакта чатак чыгарды

 Эрежесиз эр уруш боюнча өзүн рингде сынап жүргөн Александр Емельяненко (Фёдор Емельяненконун иниси) кечээ, 11-ноябрда учакта чатак чыгарган. Бул тууралуу орусиялык басылмалар билдирет. 

Окуя Москва – Тюмень аба жолунда катталган. Спортчу 22-декабрда америкалык Эрик Приндлом менен орун алчу беттешке даярдык көрүү үчүн Сибирь тарапка машыгуу сборуна аттанган. Учак ичинде ал чылым тутантып, ал жердеги кызматкерлерге кыжыр келтирүүчү сөздөрдү айткан. Спортчунун жакындары анын учактан түшкөндө соо эмес болгонун бекемдешти. Ал эми спортчу бул курулай жалаа экенин билдирет. 

Бул окуя жыл ичинде Александрдын катышуусундагы биринчи чыр эмес. Октябрь айында анын ичимдиктен баш тартпаганы жана өзүн келишимде көрсөтүлгөндөй алып жүрбөгөнү үчүн аны менен иштешип келген промоутердик клубу менен келишимди бузган. Жыйынтыгында Александр “Легенда” шоусуна катышуу укугунан ажырады жана күтүлүп жаткан хорватиялык мушкер Мирко Крокоп менен реванш-беттеши ишке ашпай калды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
gooool
2013-11-12 17:08:30
акесин уят кылып эле журот ....
0
aykyz
2013-11-12 18:01:21
Москвада бир Кыргызстандык кыз озун озу олтурууго аракет кылыптыр. Ошол маалыматты жазсанар жакшы болот эле
0
admin_superstan
2013-11-12 18:09:52
aykyz, курамы окшош сайтка шилтеме бергениңиз үчүн 5 күн БАН!
Сунуштар info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
kuba_kg
2013-11-13 04:56:20
Ему повезло а то мирко крокоп биринчи раундта чыккан жерине киршизет болчу
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан