23 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпиондугу: Бүгүн 5 кыргыз балбаны килемге чыгат (тизме)

Бүгүн, 2-ноябрда Сербиянын борбору Белград шаарында 23 жашка чейинкилер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун экинчи күндүк беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 15:30да старт алат.

Экинчи күндүк мелдеште медалдардын 5 топтому ойнотулуп, килемге 5 кыргыз балбаны чыгат.

60 килограмм салмакта Нурмухаммет Абдуллаев 1/8 финалда баштап, анда грузиялык Придон Абуладзе аттуу балбан менен кез келет.

67 килограмм салмакта Марлен Асикеев алгачкы жүрүшүн 1/16 финалда баштайт. Анда ал жергиликтүү балбан Углиеса Гаич менен кез келет.

72 килограмм салмакта Ийгилик Сатымкул уулу дагы алгачкы жүрүшүн 1/16 финалда баштайт. Анын атаандашы азербайжандык Улви Ганизаде болот.

82 килограмм салмакта Бексултан Назарбаев алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштап, анда жергиликтүү Бранко Ковачевич аттуу балбан менен кез келет.

97 килограмм салмакта Дүйнө чемпиондугуна катышкан кыргыз балбаны Данияр Шеримбеков 1/16 финалда болгариялык Мариян Маринов менен кез келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан