Белград: Марлен Асикеев алгачкы атаандашын 30 секунддун ичинде жеңди

Бүгүн, 2-ноябрда Сербиянын борбору Белград шаарында 23 жашка чейинкилер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун экинчи күндүк беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 15:30да старт алды.

Дүйнө чемпиондугуна 67 килограмм салмакта катышкан кыргыз балбаны Марлен Асикеев алгачкы жүрүшүн 1/16 финалда баштап, анда жергиликтүү балбан Углиеса Гаич менен кез келди.

Кыргыз балбаны биринчи бөлүк башталганда эле атаандашына 4 упайлык ыкма жасады, андан кийин артына өтүп дагы бир жолу 4 упайлык ыкма жасап, 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетти.

Муну менен Марлен Асикеев Дүйнө чемпиондугунун 1/8 финалына чыкты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ErkinOkenovich
2021-11-02 17:28:19
Азамат кийинкилерине ийгилик
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан