Кыргызстан жана Азербайжан курама командаларынын ортосундагы жолдоштук оюнга казакстандык калыстар көзөмөл кылат

АФКнын (Азия футбол Конфедерациясы) 2014-жылы өтө турган чакырык кубогуна карата көрүлүп жаткан даярдыктын алкагында Кыргызстан курама командасы Азербайжан менен беттешери белгилүү. Бул беттешти казакстандык калыстар көзөмөлгө алары тууралуу КРнын футбол федерациясы билдирди.

Беттештин негизги калысы Артем Кучин болот. Ал эми майдандын эки четинде ага жардам көрсөтүүнү Сергей Васютин жана Серик Жаппасбаев колго алат. Аттары аталган калыстар буга чейин Кыргызстан курама командасынын оюндарында жана беделдүү клубдук мелдештеринде иштеп  жүрүшкөн.

Эске салсак, беттеш 19-ноябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо орун алат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nukuluk
2013-11-14 00:30:51
Кыргызстан аалга 10-0 эсебинде
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан