Бүгүн, 2-ноябрда президент Садыр Жапаров Фейсбук компаниясынын студиясында түз эфирде Кыргыз жарандарына жана аталган ири социалдык түйүндүн колдонуучуларына кайрылуу жасады. Анда өлкө лидери дүйнөлүк лидерлер катышып жаткан саммитте климаттын өзгөрүүсү боюнча дүйнө коомчулугу көңүл бура турган маселелерди көтөрүп, көйгөйлөр тууралуу кайрылуу жасаганын белгиледи.
Президенттик администрациянын билдирүүсүнө ылайык, эки күн ичинде отуздан ашык мамлекет жетекчилери менен жолугушуулар өтүп, алар менен эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү жөнүндө макулдашуу жетишилди.
"Кыргыз өлкөсү дегенде асман тиреп, көк мелжиген тоолор, андагы ак кар, көк муздуу мөңгүлөр, жашыл токойлор, жылга-жылгадан шылдырап агып түшкөн өзөн-суулар элестейт. Моюнга алуу керек, климаттын өзгөрүүсү биздин көз жоосун алган жаратылышыбызга терс таасирин тийгизип, зыянын келтирүүдө", - деп билдирди ал.
Президент таза суунун булагы болгон мөңгүлөрдү дүйнө коомчулугу менен биргеликте сактап калуу - бүгүнкү күндүн орчундуу маселеси экенин белгиледи.
Мамлекет башчы эске салгандай, 2002-жыл БУУнун Башкы ассамблеясынын резолюциясына ылайык "Эл аралык тоолор жылы" деп жарыяланган. Биринчи глобалдык тоо саммити Бишкекте өткөн.
"Бул окуянын Кыргыз мамлекетинин демилгеси менен ишке ашкандыгы биз үчүн чоң сыймык. Мындай кадам аркылуу Кыргыз жергеси экология тууралуу кам көрүү негизги маселе экенин эскертип, дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурууга умтулуп келген", - деди Садыр Жапаров.
Буга чейин ушул жылдын 21-сентябрында БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясындагы видео кайрылуусунда Садыр Жапаров 2022-жылды кайрадан "Эл аралык тоолор жылы" деп жарыялоону, тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча беш жылдык программаны бекитүүнү, ал эми 2027-жылы "Бишкек+25" глобалдык саммитин уюштурууну сунуштаган.
"Мөңгүлөрүбүз эрип, дарыялар жана тоолор экосистемасынын биологиялык ар түрдүүлүгү жоголуу коркунучуна кептелген шартта өзүбүз жалгыз туруштук бере албайбыз. Дүйнө коомчулугунун көмөгү керек", - деп түшүндүрдү ал.
Мамлекет башчысы белгилегендей, саммитте ал тарабынан Кыргыз мамлекети сыяктуу өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн өз алдынча, максаттуу каржылоонун каралышын сунуштаган.